Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 14:57
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ош шаарында Россия кино күндөрү өтүүдө (тасмалардын тизмеси)

15.10.2021 09:45
2711
Ош шаарында Россия кино күндөрү өтүүдө (тасмалардын тизмеси)


Бүгүн, 14-октябрда Ош шаарындагы "Семетей" кинотеатрында Россия кино күндөрүнүн алгачкы иш-чаралары башталып, расмий ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Ага КРнын маданият министринин орун басары Санталат Аманова, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, РФдин Ош шаарындагы консулу Андрей Григорьев, ал эми коноктор "Россия кино күндөрүнүн" продюсери Елена Лебедова, Орусиянын эмгек сиңирген артисти, белгилүү актер Юрий Кузнецов, актриса Марина Яковлева катышып, маданий иш-чаранын модератору Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Ассоль Молдокматова болду. 


Вице-мэр Венера Рыскулова өз сөзүндө Ош шаарында Россиянын кино күндөрү үчүнчү ирет өтүп жаткандыгын белгилеп, мындай иш-чаралар эки өлкөнүн кызматташуусуна чоң салым кошо тургандыгын кошумчалады. 

Россия кино күндөрүнүн алгачкы иш-чарасы Юрий Кузнецовдун чыгармачылык жолугушуусу менен коштолуп, "Огонь" кино тасмасы көрсөтүлдү.


Эртең 15-октябрда саат 16:00до ОшМУнун жыйындар залында РФдин эмгек сиңирген артисти Марина Яковлеванын чыгармачылык жолугушуусу болот. Ал эми саат 17:30да Семетей кинотеатрында "Серебряные коньки" киносу коюлат. Ошондой эле, саат 19:00до "Чаво" отелинде Михаил Шеломенцевдин, Ассоль Молдокматова менен биргеликте чыгармачылык жолугушуусу орун алат. Ал эми 16-октябрда саат 18:00 "Назад в степь к сарматам" киносу көрсөтүлүп, 20:00до актёр Тимур Гариповдун күйөрмандар менен бааралашуусу өтөт.


Ошондой эле, 17-октябрда саат 16:00до иш-чаранын расмий жабылыш аземи "Семетей" кинотеатрында болуп, "Подольские курсанты" киносу менен жыйынтыкталат.


Кино күндөрүнө карата өтүп жаткан иш-чараларга Россиянын эмгек сиңирген артисттери Юрий Кузнецов,  Марина Яковлева, белгилүү актер Марк Вдовин, Михаил Шеломенцев, Тимур Гарипов, кино күндөрүнүн продюсери Елена Лебедова, Кыргызстандын белгилүү теле алып баруучусу Ассоль Молдокматова катышат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн