Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 09:42
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ош шаарында Соттук-эксперттик кызматтын жаңы имараты ачылды

22.11.2022 15:14
1080
Ош шаарында Соттук-эксперттик кызматтын жаңы имараты ачылды



Бүгүн, 22-ноябрда Ош шаарында КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын Түштүк башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы болду.


Түштүк борбордун басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, КР Юстиция министри Аяз Баетов, КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын төрагасы Иманилла Кочкорбаев, укук коргоо органдарынын, сот органдарынын жетекчилери жана тургундар катышты.


Мэр өз сөзүндө бул кызматтын ар кандай соттук-эксперттик иштерди уюштуруу жана ишке ашыруудагы ордун белгиледи.


Учурда кызмат экспертизанын 7 түрүн жүргүзөт: соттук курулуш-техникалык экспертиза, соттук-бухгалтердик экспертиза, баллистикалык экспертиза, автотехникалык экспертиза, лингвистикалык экспертиза, химиялык экспертиза, кол жазма экспертизасы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн