Бугу 17, 2024
Убакыт: 02:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ош шаарында “Түштүк Экспо – 2022” көргөзмөсү өтүп жатат

15.09.2022 14:43
525
Ош шаарында “Түштүк Экспо – 2022” көргөзмөсү өтүп жатат

Бүгүн, 15-сентябрда Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы драма театрында “Түштүк Экспо – 2022” Эл аралык көзгөзмө-жарманкеси өтүп жатат. Бул тууралуу мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, анын ачылышына КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Беларустун вице-премьер-министри Анатолий Сивак баштаган делегация, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зияйдин Жамалдинов, КР соода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти Роман Касымов жана ишкерлер катышты.


Бакыт Төрөбаев бул иш-чаранын соода жүгүртүү тармагындагы маанисине токтолуп, көргөзмө ата-мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүшчүлөр үчүн бизнес аянтча катары чоң салым кошоорун белгиледи.


“Түштүк Экспо – 2022” көргөзмө-жарманкеси эл аралык соода экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн товарларын экспорттоого көмөктөшүү менен сырттан инвестиция тартууну көздөйт.


Иш-чарага жалпысынан Кыргызстандын 7 облусунан 40тан ашык жана башка өлкөлөрдөн 50дөн ашуун компаниялар катышууда. Көргөзмө-жарманке 15-16-сентябрь күндөрү өтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн