Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:46
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ош шаарында Улуу Жибек Жолунун кербени орнотулду (фото)

20.06.2022 07:18
1287
Ош шаарында Улуу Жибек Жолунун кербени орнотулду (фото)



Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен Ош улуттук драма театрынын жанындагы аянтчага 19 төө, кербенчи, тайгандар жана жылкылардан турган кербен орнотулду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Кербен туризмди өнүктүрүү, Улуу Жибек Жолунун брендин жайылтуу боюнча шаардык программага ылайык калаа тургундары жана коноктору көп келүүчү жайга коюлду. 


Бул идеяны Ош шаарынын жана Ош облусунун туроператорлору, Жибек Жолу Ассоциациясы колдоп, алар кербенди өздөрүнүн туристтик маршруттарынын объектилеринин тизмесине киргизишти. Туризм тармагын өнүктүрүү пландарына ылайык, кербен Улуу Жибек Жолунун Провайдери катары шаардын негизги туристтик объектилеринин бири болот.


Бул инсталляциялар көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан орнотулду. Алдыда аймакты оңдоп-түзөө, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн