Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 06:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ош шаарында Жеңиш күнүнө карата "Өлбөс полк" жүрүшү өтөт

04.05.2023 11:40
680
Ош шаарында Жеңиш күнүнө карата "Өлбөс полк" жүрүшү өтөт

Ош шаарында Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата салттуу түрдө “Өлбөс полк” акциясы өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Иш-чара жыл сайын Улуу Ата Мекендик согушта Мекен үчүн күрөшкөн жоокерлердин жаркын элесине таазим кылуу максатында өткөрүлүп келет. Акцияга фронттук жоокерлердин балдары жана неберелери, ошондой эле туугандары, жакындары катыша алат.


Жөө жүрүшкө катышуу үчүн, А3 форматтагы вертикалдуу баракта фронттогу жоокерлердин сүрөттөрүн алып келүү зарыл.


Катышуучулар 2023-жылдын 9-майында саат 8:30да Ленин көчөсүндөгү «Ош Нуру» мейманканасынын жанында чогулат.


Эскертүү: Ар бир сүрөт кыскача мазмуну менен коштолушу керек. Мисалы: “Менин чоң атам (тууганым) Асан Асанов. 1941-жылдан 1944-жылга чейин согушкан. Ал жөө аскер болгон жана сыйлыктарга ээ болгон, (сыйлыктын аталышы же сыйлыктардын тизмеси) жазылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн