Ош шаарында акыркы 4 күндө оорулуулардын кайрылуулары азайгандыгы байкалды. Бул тууралуу шаар мэри Таалайбек Сарыбашов маалымдады.
Анын айтымында,
буга чейин 103 тез жардам бекетине 250-300 чалуулар болсо, өткөн суткада 147
чалуу келип түшкөн. Ал эми 118 колл-борборуна буга чейин 300-400 чалуу болуп
турса, өткөн суткада 117 чалуу болгон.
Мэр белгилегендей, Ош шаарында 118 линиясы боюнча 12 колл-борбор иштеп жатат. Ал жакта
кеңеш берүүчү дарыгерлдердин саны 10 адамды түзөт. Бардыгы жогорку
категориядагы дарыгерлер, иш тажрыйбалары 10-30 жыл.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн