Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:58
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ош шаарында акыркы коңгуроо аземинде милиция коомдук коопсуздукту камсыз кылат

07.06.2022 15:09
349
Ош шаарында акыркы коңгуроо аземинде милиция коомдук коопсуздукту камсыз кылат

Ош шаарынын аймагында "акыркы коңгуроо" салтанаты учурунда милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сакташат. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан жер-жерлерде жол коопсуздугун, коомдук тартипти камсыз кылуу, кырсыктардын алдын алуу боюнча атайын иш мерчем иштелип чыгып, аны аткаруу жетекчилик тарабынан көзөмөлгө алынды:


- бул күндөрү Ош шаарынын аймагындагы иш-чара өтүүчү бардык мектептерге милиция кызматкерлери бөлүнөт, алар расмий иш-чаралар аяктаганга чейин мектептерде коопсуздукту камсыз кылышат. Жол боюна жакын жайгашкан мектептерге кошумча милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери коюлат;


- бүтүрүүчүлөрдүн, өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алуу максатында мобилдик топтор түзүлүп, алар шаар аймагындагы бардык эс алуу жайларында: парктарда, жашыл зоналарда, кафе-ресторандарда кызмат өтөшөт. Кымбат-баалуу унааларды жалдап алып, жол эрежелерин бузбоосу үчүн алдын ала иш аракеттер көрүлөт;


- окуучуларга, бүтүрүүчүлөргө алкоголдук ичимдиктерди сатпоо боюнча эскертүүлөр берилет. ;


- "акыркы коӊгуроо" салтанаттарына чейин дагы ар бир мектептерде ата-энелер, мугалимдер менен биргеликте коомдук коопсуздукту сактоо, кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт;


- окуучулардын Ош шаарынан сырткары эс алуучу аймактарга чыгышып, кырсыктарга кабыл болбоосу үчүн, алдын алуу максатында шаардын аймагына кирүү-чыгуу көзөмөлгө алынат, атайын мобилдүү посттор коюлат.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн