Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 15:21
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ош шаарында алгачкы шахмат залы ачылды

17.11.2022 17:32
464
Ош шаарында алгачкы шахмат залы ачылды



Бүгүн, 17-ноябрда Ош шаарындагы А.Навои атындагы сейил багында алгачкы шахмат залынын ачылышы болду.  


Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, объекттин ачылышына мэр Алмаз Мамбетов катышып, бардык курактагы жарандарды шахматка тартууга ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 


Жаш шахматчылар, шахмат сүйүүчүлөр түзүлгөн ыңгайлуулук үчүн Ош шаарынын мэрине ыраазычылыктарын билдиришип, буга чейин шахмат сүйүүчүлөргө мындай шарттар болбогонун белгилешти. Шахмат залынын курулушуна көмөк көрсөткөн инвесторго да ыраазычылык айтылды. 


Шахмат залы 60 орунга ылайыкташып, жалпы аянты 180 чарчы метрди түзөт. Имаратта бардык тиешелүү шарттар, ажаткана, кондиционер бар.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн