Бугу 13, 2024
Убакыт: 21:45
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Ош шаарында аялдардын эл аралык майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү

07.03.2022 15:30
1846
Ош шаарында аялдардын эл аралык майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү

 


Бүгүн, 7-март күнү Ош шаарында 8-март - Аялдардын Эл аралык күнүнө карата майрамдык салтанат өттү. Калаанын ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошкон айымдардын башын бириктирип, майрамдык шаң тартуулаган иш-чарада Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов аялзатын майрамы менен куттуктады. Иш-чарага 700дөн ашык аял киши катышты. 


"Сиздердин мээримиңиздер, жылуу сөзүңүздөр биздин жашообузда чоң мааниге ээ. Эненин мээриминдей мээрим, сүйүүсүндөй сүйүү жок экени талашсыз. Кыргыз эли илгертен "Бейиш эненин таманы астында", "Аял үйдүн куту", "Кыздын кырк чачы улуу" деген сөздөрү менен эле аялзатынын ордун баса белгилеп койгон. Аялзат - аалам ажары, сулуулук, үйдүн куту. Биз эркектер энелердин ак сүтүн актап, өмүр бою аялзатын ардактоого милдеттүүбүз. Бүгүнкү коомдо аялзаты эркектерден ашса ашып, бирок кем калышпай бардык тармактарда ийгилик жаратып келет. Ош шаарынын аялдары да шаардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, өндүрүшкө, саламаттык сактоо, билим берүү тармагына, маданиятка, спортко, бизнеске бараандуу салымын кошуп келүүдө. Ылайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу, жүрөгүңүздөрдөн сүйүү кетпесин", - деди мэр куттуктоо сөзүндө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн