Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 12:58
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ош шаарында баасы 18 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

22.02.2023 13:45
342
Ош шаарында баасы 18 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Ош шаарында жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелер мамлекетке кайтарылды, - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ош мэриясынын 2002 жана 2004-жылдардагы токтомдору менен 16,44 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.


Аталган жер тилкелери боюнча шаардык прокуратура сотко доо арыз менен кайрылып, жыйынтыгында жер тилкелердин укук берүүчү иш кагаздары жараксыз деп табылды.


Натыйжада прокурордук талаптын негизинде 18 миллион 700 миң сомго бааланган жер тилкелер муниципалдык менчикке кайтарылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн