Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош шаарында баңгизатты аныктоо боюнча атайын рейд өткөрүлдү

07.06.2022 13:22
984
Ош шаарында баңгизатты аныктоо боюнча атайын рейд өткөрүлдү

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын наркотикалык заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагында «Синтетик» деген аталыштагы ыкчам-издөө, профилактикалык иш чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.



   Бул иш чара Ош шаарынын аймагында 3 күн аралыгында өтүп, бул аралыкта милиция кызматкерлери тарабынан атайын түзүлгөн иш мерчемге ылайык шаардагы түнкү клуб, бар, эс алуу жайларында болушуп, наркотикалык заттардын зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүштү, наркотикалык заттарды пайдаланган адамдарды аныктоо боюнча рейддик иш чараларды аткарышты.


Тилекке жараша наркотикалык заттарды пайдаланган жарандар аныкталган жок.


Бул иш чара катышкан наркотикалык заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн, милициянын кайгуул кызматынын жана Ак-Буура, Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын борбордук жана кичи райондорундагы көчөлөрдө рейддик иш чара жүргүзүлүп, наркотикалык заттарды сатууга аракет жасагандардын электрондук даректери болушу мүмкүн болгон бир нече жазууларды өчүрүп чыгышты.

 

 Бул профилактикалык иш чаранын учурунда милиция кызматкерлери тарабынан наркотикалык заттарга тиешеси жок, башка 21 кылмыштын бети ачылды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн