Бүгүн Ош шаарында жергиликтүү ишкерлердин көйгөйлөрүн жана бизнес-долбоорлорун талкулоо боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирет.
Жыйындын ишине Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев жана Ош шаарынын ишкерлери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө ишкерлер тарабынан айыл-чарба, туризм жана экономикалык багыттар боюнча презентациялар тартууланып, тармактык багыттар боюнча тиешелүү маалыматтар, суроолор берилип, ага ылайык жооптор алынды.
Ар кайсы тармакта ишкердик жүргүзүп келген ишкерлер өз ара тажрыйба алмашуу багытында бир топ сунуштарды айтышты.
Мындан тышкары, жыйында өндүрүш, кайра иштетүү, агро-продукцияны сыртка алып чыгууда жана сатууда, эсепти алып баруу жана бизнес-планды түзүү боюнча окууларды жүргүзүү маселелери талкууланды.
Жыйындын алкагында ошондой эле, ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатында ишкерлерди тейлөө борборун, индустриялык паркын, өнөр жайын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Соңунда жыйындын катышуучулары ишкерчиликке көңүл бурулуп, тиешелүү көйгөйлөр талкууланып, негизги маселелер чечилип жатканына ыраазычылыгын билдиришип, мындай жыйындар дагы көп өткөрүлүп турушун каалап кетишти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн