Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 19:52
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ош шаарында документи жок үйлөргө техникалык паспорт берүү башталды

15.12.2021 13:25
599
Ош шаарында документи жок үйлөргө техникалык паспорт берүү башталды



Бүгүн Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Жапалак аймактык башкармалыгынын Мээркан айылындагы үйлөрдүн техникалык паспортун тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Кезинде мыйзамсыз курулган үйлөргө ээлери документ ала албай келишкен. Өлкө башчынын документ берүү демилгесинен соң мэр Мамбетов Оштогу бул көйгөйдү чечүү боюнча тапшырма койгон. 


Ага ылайык Жапалактагы 13 айылда 800гө жакын үй мыйзамсыз курулганы маалым болгон. Анын ичинен 300 турак жайга техникалык изилдөө жүргүзүлдү. Учурда калган үйлөрдө да мобилдик топтор иш алып барууда. 


Шаар башчы техникалык паспортторду тапшыргандан сырткары жергиликтүү элдин көйгөйлөрүн укту. Мээркан айылына коомдук транспорттордун каттамын көбөйтүү, таза суу маселелери айтылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн