Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:52
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ош шаарында эки көп кабаттуу үйдүн мыйзамсыз курулуп жатканы аныкталды

25.02.2023 14:30
988
Ош шаарында эки көп кабаттуу үйдүн мыйзамсыз курулуп жатканы аныкталды

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Ош шаарынын аймагында курулуп жаткан мыйзамсыз курулуштар боюнча текшерүү жүргүзүлдү. 


Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдиргендей, “Д.С.” ЖЧКсы Ош шаарынын Ленинабад көчөсүндөгү жер тилкеге жана “К. С. И.” ЖЧКсы А.Шакиров көчөсүндөгү жер тилкеге көп кабаттуу турак үйлөрдү курууга уруксат берүүчү архитектуралык иш кагаздары жок туруп өзүм билемдик менен курулуш иштерин жүргүзүп жатышкандыгы аныкталган.

.Аталган фактылар боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренеси (Өзүм билемдик) менен 2 кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.


 Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан бул багытта текшерүүлөр улантылууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн