Бүгүн, 30-мартта Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов менен жолугушту. Жолугушууда эл жана турак жай фондун каттоонун жүрүшү талкууланды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Эскертке кетсек, Кыргызстанда 25-марттан 3-апрелге чейин эл жана турак жай фондун каттоо жүрүүдө. Бүгүнкү күндө Ош шаарында каттоо иштери 45%га аткарылды. Калкты жана турак жай фондун каттоонун ар бир кызматкерине 80-150 обьект, 300-350 жаран туура келет.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен эл жана турак жай фондун каттоонун алкагында конкурс жарыяланды. “Мыкты координатор”, “Мыкты инструктор-контролер”, “Мыкты каттоочу” номинацияларынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылат.
Ош шаарынын тургундарын мамлекеттик маанилүү окуяга жоопкерчилик менен мамиле жасап, активдүү катышууга чакырабыз. Каттоочуга түшүнүү менен мамиле жасап, анын суроолоруна жооп берүү ар бир адамдын атуулдук милдети.
“Кыргызстанда ар бир адам маанилүү!”.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн