Бугу 16, 2024
Убакыт: 06:52
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ош шаарында энергетика тармагынын кызматкерлеринин күнү белгиленди

22.12.2022 13:34
601
Ош шаарында энергетика тармагынын кызматкерлеринин күнү белгиленди


Бүгүн, 22-декабрда Ош шаарында Энергетиктердин кесиптик майрамы белгиленди. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков катышып, энергетиктерди майрамы менен куттукташты.  Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.


Мэр өз сөзүндө күнүмдүк жашоодогу энергетиктердин эмгегине токтолуп, керектөөчүлөрдү электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылууда ар бир кызматкердин салымы бар экенин белгиледи. 


Иш-чаранын алкагында мыкты кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты. Ошондой эле шаардагы энергетика ишканаларын материалдык колдоо иретинде ар бир мекемеге 10 миң сомдон тапшырылды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн