Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош шаарында ири маркеттерден уурулук жасап, издөөдө жүргөн жаран кармалды

05.08.2022 12:50
922
Ош шаарында ири маркеттерден уурулук жасап, издөөдө жүргөн жаран кармалды


 

  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн участкалык уполномоченныйлары (аймактык тескөөчүлөрү) тарабынан ири маркеттерден уурулук жасап жүргөндүгү үчүн издөөдө жүргөн. 1994-жылы туулган, Ош шаарында убактылуу жашап турган Э. К. кармалды.  Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.


   Тергөө иштеринин жүрүшү боюнча алгачкы маалыматтарга ылайык, ал Ош шаарындагы ири маркеттерге кирип уурулук жасоого кынык алган. Бир нече ай аралыгында эле 11 ирет уурулук жасаган. Тагыраак айтканда шектүү аталган соода түйүндөрүнөн түрдүү буюмдарды (анын ичинде кымбат баалуу алкоголдук ичимдиктер дагы бар), уурдап, жеке кызыкчылыгына пайдаланган. 


  Учурда шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, уурулук ( КР кылмыш кодексинин 205-беренеси) иштери боюнча иликтөө уланууда.

 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн