Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 02:12
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ош шаарында кароосуз 42 өспүрүм реабилитациялык борборго жөнөтүлдү (фото)

18.03.2021 17:52
2659
Ош шаарында кароосуз 42 өспүрүм реабилитациялык борборго жөнөтүлдү (фото)


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан «Кароосуз балдар» деген аталыштагы профилактикалык иш-чара болуп өттү.


Аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын максаты - Ош шаарынын аймагында оор социалдык шарттарда жашаган балдарды аныктоо, тиешелүү жардам колун сунуу болуп саналат. Ошол эле мезгилде милиция кызматкерлерине жаш балдардын мээнетин мыйзамсыз  пайдаланган ата-энелерди жана түнкү мезгилде чоӊ адамдардын коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөрдү табуу, алар менен мыйзамдуулукту сактоо, кылмыштуулуктун алдын алууну көздөгөн маектешүүлөрдү жүргүзүү тапшырылган. 


Бул рейд өткөн 3 күн аралыгында милиция кызматкерлери коомдук жайларда: соода түйүндөрүндө, базарларда, интернет жана түнкү клубдарда, жаш өспүрүмдөр болушу мүмкүн делинген жер төлө менен чердактарда болушуп, ал жерден табылган өспүрүмдөр менен маектешүүлөрдү өткөрүштү.


Рейд учурунда атайын каттоого 8 өспүрүм алынды, шаардык балдар комиссиясына кароо үчүн оор шартта жашаган 11 бала боюнча тиешелүү маалыматтар топтолуп, жөнөтүлдү. Дайынсыз жоголгон бир баланын жүргөн жери такталып, 2 кылмыштын бети ачылды. 


Түнкүсүн чоӊ адамдын коштоосу жок интернет клубдарында жүргөн жүргөн 42 өспүрүм балдардын реабилитациялык борборуна алынып келинди.  Бул балдар окуган тешелүү билим берүү мекемелерине, социалдык коргоо тармагына 31 кат жөнөтүлдү.


Өз балдарына тиешелүү көңүл бурбай, милдеттерин аткарбаган ата-энелерге карата  21 протокол түзүлдү. Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан бул багытта ишти күчөтүү тапшырылып, жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалуучу кылмыштардын жана жаш өспүрүмдөргө карата жасалуучу кылмыштардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер  уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн