Аяк оона 24, 2024
Убакыт: 01:23
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Ош шаарында кездеме фабрикасы күйүп кетти

07.09.2020 11:07
1368
Ош шаарында кездеме фабрикасы күйүп кетти


Ош шаарындагы Жапалак айыл аймагынын Кең-Сай калктуу конушунда 6-сентябрда саат 20:06 чамасында кездеме фабрикасынын 2 кабаттуу административдик имаратынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, өрттүн жалпы аянты болжол менен 686 чарчы метр. Өрт өчүрүүгө ӨКМдин Борбордук аппаратынан, ККББдан жана Ош шаардык башкармалыгынан ыкчам топтор, Ош шаардык №13 АӨКБдан 2 бөлүм, Ош шаардык №85 ӨКБдан 2 бөлүм, Ош шаардык №109 ӨКБдан 1 бөлүм, Ош шаардык №29 ӨКБдан 1 бөлүм, Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, Ош шаардык көрктөндүрүү ишканасынан 4 суу ташуучу унаа, 1 суу ташуучу унаа, тез жардам кызматынан 1 бригада жана ИИМден 25 кызматкер тартылган. 


Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 21:35 чектөөгө алынып, саат 00:15те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 2 кабаттуу имараттын чатыры жана 2-кабаты күйгөн. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн