Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 07:07
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ош шаарында киши колдуу болгон адам ооруканада каза болду

15.08.2022 11:52
791
Ош шаарында киши колдуу болгон адам ооруканада каза болду

Ош шаарында мас абалдагы шериктер чырдашып, бири бычактан каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.



    Маалым болгондой, Ош шаардык «Тез жардам» кызматы тарабынан 2022-жылдын 12-август күнү саат 23.30 чамасында Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө оор абалда Ош шаарынын тургуну 1964-жылы туулган И.К. оор абалда жеткирилип, жаратынын оордугуна байланыштуу ооруканага барганда каза болгон. Маркумду кароо учурунда анын сол көкүрөгүндө миздүү буюмдан алган жараты болуп, кан көп кеткендиги аныкталган. .

   

 Кылмыштын бектин ачуу боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынынын Сулайман- Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тез арада оперативдүү иш чаралар алынып барылып, бул оор кылмышка шектүү катары 14-август күнү эртеӊ менен саат 05.00 чамаларында аны менен бир кичирайондо, паралель көчөдө жашап турган, таанышы 1961-жылы туулган Ө.А. кармалды. Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, шектүү менен каза болгон жарандар мурда тааныш болушкан. 2022-жылдын 12-август күнү Ош шаарындагы «Винт» бильярд клубунда жолугушуп, бильярд ойношуп жатып алкоголдук ичимдиктерин ичишкен. Бильярд клубунан чыгышып, шектүүнү үйүнө барышып дагы алкоголь ичимдиктерин ичүүнү улантышкан. Андан соӊ көчөгө чыгышып, өз ара чырдашып, андан соӊ мушташып кетишкен. Натыйжада шектүү Ө.А. өз автомашинасынан бычак алып чыгып, маркум болгон И.К.нын сол жак көкүрөгүнө сайып жиберген.  

   Шектүү Ө.А. аны каза болгон И.К. мас абалда аны ура баштагандыктан, кармана албай, машинамда турган бычак менен сайып жибергендигин билдирген. Шенктүүнүн көрсөтмөлөрү текшерилип жатат. 

   Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды, Шектүү Ө.А.нын үстүнөн Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 122-беренесинин(адам өлтүрүү) белгилерине ылайык кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 


   Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы

              15.08.2022-жыл

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн