Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 10:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Ош шаарында кышында жолдорго себүү үчүн 300 тоннадан ашык туз керектелет

09.11.2022 16:33
531
Ош шаарында кышында жолдорго себүү үчүн 300 тоннадан ашык туз керектелет


Бүгүн Ош шаарынын мэриясында кар жааган мезгилде калаадагы жолдорду тейлеген ишканалардын даярдыгы талкууланган жыйын өттү. 


Ош шаарынын мэриясынан билдиришкендей, вице-мэр Сонунбек Жунусбаев жетектеген жыйынга Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн адистери, адистештирилген коммуналдык жана жол чарба ишканаларынын, кызматтарынын жетекчилери катышты.


Жыйындын жүрүшүндө ишканалардын техникалык туз жана кум даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан даярдык иштеринин маалыматы угулду.


Эскерте кетсек, Ош шаарындагы жолдорду кыш мезгилинде Ош шаардык жолдор башкармалыгы, "Ош-Тазалык", "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" ишканалары кардан тазалайт. Учурда бул ишканалар 112 тонна техникалык туз даярдашкан. 


18 даана атайын техника толугу менен ишке даяр. Жакынкы аралыкта кошумча 200 тонна техникалык туз сатып алынат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн