Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош шаарында кыз патрулдук милицияны менен тергөөчүнү тиштеп алган

Ош шаарында кыз патрулдук милицияны менен тергөөчүнү тиштеп алган


Ошто кыз кармоо учурунда патрулдук милиция кызматкерин, андан кийин нөөмөттөгү тергөөчүнү тиштеп алган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


«29-сентябрга караган түнү Ак-Буура РИИБине Шакиров көчөсүндө жайгашкан «Фарм-Лэнд» дарыканасынын кызматкеринен билдирүү түшкөн. Анын айтымында, эки белгисиз кыз аларга дары-дармек берүүнү суранышкан, бирок ага макул болбогондуктан, жаңжал чыгарып, жаман сөздөрдү айта башташкан. Дарыкана кызматкери милиция кызматкерлерин чакырган", — деп айтылат билдирүүдө.


Окуя болгон жерге келген патрулчулар мушташкандарды кармоого аракет кылышкан. Кыздар каршылык көрсөтүшкөн. Алардын бири милиционердин колун тиштеп алган.


«Кыздарды Ак-Буура РИИБине алып барышканда алар нөөмөттөгү тергөөчүгө каршылык көрсөтүүнү улантып, аны сөгүп башташкан. Алардын бири тергөөчүнүн колун тиштеп алган. Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 4-пунктунун 2-бөлүгүнүн (“Бийликтин өкүлүнө же коомдук тартипти сактоочу башка адамга каршылык көрсөтүү менен жасалган бейбаштык”) негизинде кылмыш иши козголгон. "- деп айтылат маалыматта.


Шектүү 48 саатка камакка алынган. Сот ага карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн