Ош шаарында бүгүн, 20-марттан баштап коомдук транспорттордун жүрүшү токтотулат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Муну менен катар кийим-кече, автоунаа тетиктерин саткан базарлар да жабылмай болду.
Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккан 6 адам каталды. Алардын үчөө Сузак районунун тургундары, үчөө Ноокат районунун жашоочусу.
Ноокаттагы бейтаптарды алып келген учак 282 адам менен чогуу Ош аэропортуна 12-мартта конгон. Мындан улам Ош аймагында чаралар күчөтүлдү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн