Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 05:55
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Ош шаарында коронавируска каршы эмдөө башталды

Ош шаарында коронавируска каршы эмдөө башталды

Ош шаарында COVID-19га каршы эмдөө башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, биринчи этап №1 Үй-бүлөлү медициналык борбордо башталган. Эмдөөнүн башталышы менен Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов таанышты.


Муниципалитет Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин планына ылайык, алгач медицина кызматкерлери, билим берүү уюмдарынын кызматкерлери, укук коргоо жана коопсуздук органдарынын эмдөөдөн өтөрүн белгиледи.


№1 ҮМБнун башкы дарыгери Мукарам Мондуеванын айтымында, облус борборуна Кытайда чыгарылган "Синофарм" вакцинасынын 300 дозасы жеткирилген.


Эмдөө учурунда ар бир адам менен маектешүү жүргүзүлүп, текшерилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн