Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 23:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ош шаарында кошумча 500 орун даярдалып, стационардык борбор ишке кирет

06.07.2020 09:08
1038
Ош шаарында кошумча 500 орун даярдалып, стационардык борбор ишке кирет


Ош шаарында пневмония жана коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн кошумча 500дөн ашуун орундар даярдалууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Шаар мэри ар кандай кырдаалга даяр туруу керектигин айтып, оор бейтаптар, жеңил жана орто абалдагы бейтаптар үчүн орундар даярдалуусу керектигин баса белгиледи.

«Биз ар кандай абалга даяр болушубуз керек. Жабык имараттарда оор абалдагы бейтаптар үчүн орундар даярдалсын. Жеңил жана орто бейтаптар үчүн да өзүнчө стационар борборлорун даярдагыла. Ал борбордон капельница алып, дарыгерлерден жардам алышат. Ал эми оор абалдагылар оорукана алып барылат. Борборду мен бүгүн кечинде барып текшерем. Мындай кырдаалда бири-бирибизге жардам беришибиз керек», - деди мэр.

Мэр дарыгерлердин резервин түзүү, жеке медициналык клиникаларды да СОVID-19 инфекциясы менен күрөшүүгө жардам берүүгө чакырды. Ошондой эле мобилдик бригадалар жана колл-борборлордун чыгымдарына көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн