Бугу 03, 2024
Убакыт: 17:44
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ош шаарында мамлекеттик тил мыйзамына дал келбеген жарнамалар алынды

07.06.2022 17:20
600
Ош шаарында мамлекеттик тил мыйзамына дал келбеген жарнамалар алынды



Бүгүн, 7-июнда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасынын негизиндк мэриянын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясы “Сулайман-Тоо” МАБынын аймагында рейд өткөрдү.  Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди


Курманжан-Датка көчөсүндөгү рейддин жүрүшүндө жарнак объектилерин Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын нормаларына ылайык келтирүү боюнча 20га жакын буйруктар жана эскертүүлөр берилди. Бир катар мыйзамсыз орнотулган жарнак такталары алынды.


Рейддик иш-чараларга Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, муниципалдык менчик башкармалыгынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн адистери, мамлекеттик тил боюнча адис, МАБ өкүлдөрү катышууда. Бул текшерүүлөр бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарда жума сайын үзгүлтүксүз өткөрүлөт.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн