Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 13:24
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди (фото)

03.03.2023 13:51
482
Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди (фото)

Ош шаарынын борбордук аянтында Мамлекеттик туу күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.


Анын алкагында Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери тарабынан борбордук аянтка 15 метрлик туу алынып келинип, гимн аткарылган учурда туу көтөрүлдү.


Иш-чарага Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, легендарлуу парламенттин депутаттары, шаардык кеңештин депутаттары, тургундар, аскер кызматкерлери жана активисттер катышты.


Мамлекеттик туу 1992-жылдын 3-мартында бекитилген. Авторлору: Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыков. Мамлекеттик туунун ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган.


Эске салсак, Ош шаарындагы башкы желек жана желек сабы 2009-жылы орнотулган. Желек сабынын узундугу 45 метрди түзсө, туунун туурасы 10 метр, узундугу 15 метр.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн