Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош шаарында маршруткада iPhone 13 уурдаган жаран кармалды

Ош шаарында маршруткада iPhone 13 уурдаган жаран кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн кызматкердери чөнтөкчү-ууруну кармашты.  Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Ал мурда 5 жолу ушундай кылмыштары үчүн соттолуп чыккан.

 

Маалым болгондой, шектүү 1985-жылы туулган, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну. Ош шаарына убактылуу келип, ар кайсы даректерде жашап турган. 2022-жылдын 24-сентябрь күнү Ош шаарындагы №125 каттамдагы коомдук транспортто бара жаткан 20 жаштагы жабырлануучу кызга таандык болгон “Айфон 13 про мах” үлгүсүндөгү кол телефонун транспорттогу тыгындан пайдаланып уурдап алган. Тилекке жараша, милиция тарабынан изи сууй электе кармалган, телефонду сатып үлгүрбөй калган. 


Шектүү Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда. 



                          


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн