Апрель айынын башынан тарта Ош шаарынын аймагында каттаган маршруттук каттамдар жайкы графикке өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыш мезгилинде кечки саат 19:00дөн кийин жол акысы 20 сом деп бекитилген. Эми жайкы графикке ылайык өзгөртүү киргизилип, жүргүнчүлөрдөн саат 21:00гө чейин 15 сомдон гана алынат.
Ал эми 21:00дөн 23:00гө чейин 20 сом.
Эскерте кетсек, бул тарифтин мектеп окуучуларына тиешеси жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн