Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош шаарында милиционерлердин жубайларына «Офицердин жубайы» медалы тапшырылды

09.03.2022 12:32
912
Ош шаарында милиционерлердин жубайларына «Офицердин жубайы» медалы тапшырылды

Бүгүн, 9-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгында милиционерлердин жубайларына «Офицердин жубайы» медалы тапшырылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Канатбек Айдакеев башкармалыктын кызматкерлеринин жана ички иштер органдарынын ардагерлеринин жубайларына «Офицердин жубайы» медалын тапшырды. 8-март майрамынын алдында милиция кызматкерлерине, ардагерлерге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болушкан, ар дайым милиционер жубайларына колдоо көрсөтүшүп келе жатышкан милиционерлердин жубайлары Эльгиза Арзыбекова, Алтынай Идикрамова, Бүбүсайра Орозалиева, Жамила Капарова, Чолпон Токтоева, Гүльнара Жээнбекова сыйланышты.


Бул сыйлык Ички иштер министрлигинин ардагерлер кеӊеши тарабынан негизделип, кызматтагы жана ички иштер органдарынын ардагерлеринин жубайлары сыйланышат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн