Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 03:20
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ош шаарында мыйзамсыз иштеген объектилерди бузуу иштери жүрүүдө

29.11.2023 11:52
416
Ош шаарында мыйзамсыз иштеген объектилерди бузуу иштери жүрүүдө


Ош шаарында мыйзамсыз иштеген коомдук тамактануу жайлары, келишим шарттарын бузган объектилер бузулууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Сулайман-Тоо буфердик зонасында жайгашкан Green House кафесин жана Султан Ибраимов атындагы Ош облустук театрынын аймагына тиешелүү жашыл зонада жайгашкан «Самсара» кафесин демонтаждоо иштери башталды.


«Мындан тышкары бул аймакта гүл саткан соода объектилери бузулат», - деп белгилешти муниципалитеттен.


Алардын айтымында, бардык объектилерге мурда тиешелүү эскертүүлөр берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн