Бугу 08, 2024
Убакыт: 22:59
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Ош шаарында мыйзамсыз курулуп жатат деген көп кабаттуу үйлөр экс-депутат Азамат Арапбаевге таандыкпы? Фактчек

25.02.2023 16:36
569
Ош шаарында мыйзамсыз курулуп жатат деген көп кабаттуу үйлөр экс-депутат Азамат Арапбаевге таандыкпы? Фактчек

Ош шаарынын Апсамат Масалиев көчөсүндөгү 38-үйдүн жашоочулары “Ак-Кеме” курулуш компаниясына нааразычылык билдирип чыгышты.  


Тургундар “Ак-Кеме” компаниясы жылуулук жана таза суу түтүктөрүн бир канча ирет жарып салганын билдирди. Мындан сырткары аталган компания өрт коопсуздугун, курулуш нормаларын да сактабай жаткандыгын белгилеп бийлик өкүлдөрүнөн курулуп жаткан үйдүн мыйзамдуулугун иликтеп берүүнү талап кылышты.


Тургундар биздин редакцияга да кайрылып, “Ак-Кеме” курулуш компаниясын иликтеп, бийликке үнүбүздү жеткирип бергиле деп суранышты.


“Ак-Кеме” курулуш компаниясы Ош шаарынын Апсамат Масалиев көчөсүнүн 38 дарегине эки көп кабаттуу үй куруп жатат.


Биздин редакция чуу жараткан “Ак-Кеме” курулуш компаниясы кимге таандык экенин иликтеп көрдүк. 


Социалдык тармактарда “Ак-Кеме” курулуш компаниясы бир канча иш-чараларга демөөрчү болгонун көрүүгө болот. Ошондой эле фирма приемум класстагы Оштогу эң эле сапаттуу атадан балага кала турган үй куруп жатканын белгилеген.


Адилет министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, “Ак-Кеме” курулуш компаниясына Мадазимов Рахматулла Мамытович аттуу жаран ээлик кылары көрсөтүлгөн.


Ачык булактарда Рахматулла Мадазимов Азамат Арапбаевге тиешеси бар гана ишканаларда иштегенин көрүүгө болот. Мындан сырткары Мадазимовдун телефон номерин Getcontact тиркемесине салып карап көрсөк “Помощник Азамат Арапбаев, Араван цемент завод” деген бир канча тегдерди көрүүгө болот.


Биздин жеке булактар да “Ак-Кеме” курулуш компаниясынын чыныгы ээси Азамат Арапбаев экендигин бышыктады.


Osoo.kg порталындагы маалыматка ылайык, Рахматулла Мадазимов мындан сырткары да 15 фирмага тиешеси бар экенин көрүүгө болот.



Ачык булактардагы маалыматтарда 2013-жылы Рахматулла Мадазимов «Араван» цемент заводунун өкүлү экендиги көрсөтүлгөн.


Адилет министрлигинин сайтында “Араван цемент заводуна” Нурсауле Арапбаева ээлик кылаары көрсөтүлгөн. Kloop.kg басылмасы Нурсаул Арапбаева Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Азамат Арапбаевдин жубайы экендигин жазып чыккан.


Мындан сырткары 2017-жылы Азамат Арапбаев депутат болуп турган учурда декларация тапшырып, Рахматулла Мадазимов ээлик кылган «Шор-Булак кирпич заводунда» 67 пайыз үлүшү бар экенин көрсөткөн.


2019-жылы жумушун токтоткон “Кемин цемент” заводунда да Рахматулла Мадазимов директор болуп көп жыл иштеген. Ал заводго да Арапбаевдин аялы Нурсауле Арапбаева ээлик кылган.


Буга чейин Мадазимов Азамат Арапбаевди социалдык тармактарда бир канча жолу колдоп чыкканын көрүүгө болот.


Эми жогорудагы айтып өткөн “Ак-Кеме” курулуш компаниясынын тургундарга ыңгайсыздык жаратып жатканы боюнча маселеге кайтып келсек.


Биздин редакция курулуш нормалары жана өрт коопсуздугу боюнча жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп алып берүү максатында компаниянын ээси Рахматулла Мадазимов менен байланышууга аракет кылдык. Бирок майнап чыккан жок. Мадазимов тургундардын суроолоруна жооп берүүнү каалса биздин эшик ачык.


Ал арада Ош шаарынын башкы архитектору Алтынбек Токошев аталган компания мыйзамдын талаптарын сактап эле үй куруп жатканын белгиледи.


“Эки көп кабаттуу үйдүн ортосу биздин берген документ боюнча 20 метр болуш керек. Биз барып олчөгөндө 16 метр чыкты. Мыйзам боюнча үйдүн узундугу 20 метр болушу керек. Бирок нормалары туура келсе 10 метрге чейин жакындаса болот деген жери бар. Курулуш боюнча баардык нормалар сакталган. Баары мыйзамдуу”,- деди Токошев.


Жыйынтык. “Ак-Кеме” курулуш компаниясы менен Азамат Арапбаевдин байланышы бар.


Булак: "Ош тв"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн