Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:32
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ош шаарында мугалимдердин август конференциясы өттү

26.08.2022 17:40
874
Ош шаарында мугалимдердин август конференциясы өттү



Бүгүн, 26-августта Ош шаарында мугалимдердин жыл сайын өтүүчү август конференциясы “Билим берүүнүн экосистеммасы, бирдей жарандык жана зордук-зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо - коомдун туруктуу өнүгүүсү” деген темада өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.


Белгилүү болгондой, конференцияга Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Кушбак Шайиев, шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Аматова, Ош шаарындагы бардык билим берүү мекемелеринин директорлору жана кызматкерлери, ата-энелер, окуучулар катышты.


Венера Рыскулованын айтымында, Ош шаарында билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулууда.

“Билим берүү системасы – социалдык чөйрөнүн негизги өзөгү. Анткени, мугалимдик кесип муундардын ортосундагы көпүрө болгондуктан, түбөлүктүү деп бекеринен айтылбаса керек. Чыныгы мугалим билим кампасы, ар дайым сабырдуулуктун, маданияттуулуктун үлгүсү болуп окуучуларга туура жолду көрсөтөт. Жаш муундун инсандыгын калыптандырууда ар бириңиздердин ордуңар зор экени талашсыз. Биздин бирден-бир милдетибиз – сиздердин эмгегиңизди туура баалап, тийиштүү көңүл буруп, урматтоо менен билим деңгээлин көтөрүү. Келечек муундарды тарбиялоонун, сапаттуу билим берүүнүн негизги оор жүгүн көтөргөн педагогдорго жыл сайын мамлекеттик деңгээлде материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүлүп келет. Буга мисал катары быйыл Кыргызстанда 309 миң билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулаганын айтсак болот. Муну менен катар Ош шаарынын мэриясы тарабынан мектеп мугалимдерине, бала бакчалардын тарбиячыларына дагы кошумча каражаттар бөлүнүп, мугалимдерге моралдык колдоо көрсөтүү боюнча жакшы иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жалпысынан мугалимдердин коммуналдык төлөмдөрүн төлөөгө жергиликтүү бюджеттен 14 млн. 684 миң сом каралат. Анын ичинен бала бакчалардын тарбиячыларына 1,59 млн. сом, мектеп мугалимдерине 12,7 млн. сом бөлүнгөн. Ошондой эле билим берүү мекемедерин оңдоого жалпысынан 25,5 млн. сом жумшалса, анын 15,5 млн. сому мектептерди, 10 млн. сому бала бакчаларды оңдоого бөлүнгөн. Билим берүү мекемелериндеги шарттарды жакшыртуу максатында бул каражаттардын көлөмү жыл сайын көбөйүүдө. Ошол эле учурда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселеси актуалдуу бойдон калууда, ал азыркы шарттарда тыкыр көңүл бурууну талап кылат. Студенттердин билим сапатын жогорулатуу боюнча үзгүлтүксүз системалуу иштерди жүргүзүү, анын ичинде ар кыл багыттагы коомдук жана эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташуу, долбоорлордун үстүндө иштөө зарыл", - деп белгиледи ал.


Ошондой эле мугалимдерге жана окуучуларга ыңгайлуу шарттарды жана тиешелүү мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында жыл сайын жаңы кошумча окуу корпустары, спорт залдары, бала бакчалардын жана мектептердин имараттары курулуп жаткандыгы баса белгиленди. Учурда шаардын кичи райондорунда жалпысынан 340 орундуу 3 бала бакча курулуп жатат. Ошондой эле, республикалык бюджеттин эсебинен үч мектептин курулушу жүрүп жатат, кошумча эки мектеп имаратынын курулушу башталды. Жакынкы арада “Курманжан-Датка” МАБынын 222-223-кварталдарында 275 орундуу спорт залы бар мектептин курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.


Жыйындын жүрүшүндө шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Аматова билим берүү тармагында жүзөгө ашкан иштер, ийгиликтер, аткарылып жаткан программалар жана алдыдагы пландар боюнча баяндама жасады.


Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын мэриясынын атынан өзгөчөлөнгөн мектеп директорлоруна жана мугалимдерине Ардак грамоталар, сыйлоо баракчалары жана баалуу белектер тапшырылды. Мындан сырткары билим берүү тармагынын ардактуу кызматкерлери Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.


Ошондой эле шаардык кеңештин төрагасынын орун басары К.Шайиев билим берүү тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, ийгиликтерге жетишкен мугалимдерди жана билим берүү тармагынын кызматкерлерин Ардак грамоталар менен сыйлады.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн