Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 20:05
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ош шаарында муктаж үй-бүлөлөр үчүн “Социалдык дүкөн” ачуу талкууланды

15.08.2022 17:53
619
Ош шаарында муктаж үй-бүлөлөр үчүн  “Социалдык дүкөн” ачуу талкууланды



Бүгүн, 15-августта Ош шаарынын мэриясында мэриянын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов жетектеген “Социалдык дүкөн” долбоору жөнүндө жобону бекитүү боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.


Жыйынга мэриянын тиешелүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, муниципалдык менчик башкармалыгынын, ветеринардык кызматынын, санэпиддин, салык жана монополияга каршы күрөшүү органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.


Жыйындын катышуучулары жобонун долбооруна учурдагы баа саясатынын алкагында эт жана сүт, ун азыктарына өз сунуштарын айтышты.


К.Досматов белгилегендей, долбоордун негизги максаты калктын муктаж катмарына эт-сүт азыктарын базар баасынан арзан сатып алууга шарт түзүү болуп саналат.


"Калктын муктаж болгон катмарын негизги тамак-аш менен камсыз кылууга жардам берүү үчүн, биз бул долбоорду туруктуу жана узак мөөнөттүү кылышыбыз керек. Тиешелүү кызматтардан продуктыларды жеткирүүчүлөргө да шарттар түзүлүшү керек: жайларды ижарага алуу шарттары төмөн болуп, ошондой эле муздаткыч жабдууларды орнотууну уюштуруу боюнча гранттык долбоорлордун мүмкүнчүлүктөрүн кароо зарыл, - деп кошумчалады аппарат жетекчи. 


Жыйынтыгында долбоордун практикалык бөлүгүн шаар боюнча комплекстүү түрдө ишке ашыруу үчүн тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.


Эске салсак, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун буйругуна ылайык, жакынкы аралыкта шаарда бир эле учурда бардык МАБдарда 7 социалдык дүкөн ачылат.


Продукциянын сапатын көзөмөлдөө ветеринардык инспекция тарабынан жүргүзүлөт. Баалардын мониторингин Ош шаарынын мэриясы монополияга каршы кызматтын облустук башкармалыгы менен биргеликте жүргүзөт.


Теги

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Туран Турсун
Мындай чечим туура.А бирок кимдер кирет тизмеге? Кантип билсе болот?
Маматжумева Айгул Бектургановна
Эн сонун
Маматжумева Айгул Бектургановна
Менин пикирим эн сонун
Маматжумева Айгул Бектургановна
Мен макулмун эн жакшы!