Бугу 14, 2024
Убакыт: 02:36
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Ош шаарында ооруканада дарыланып жаткан адамдардын телефонун уурдагандар колго түштү

22.02.2023 09:13
698
Ош шаарында ооруканада дарыланып жаткан адамдардын телефонун уурдагандар колго түштү

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери телефон ууруларын колго түшүрүштү.


 Ош шаардык милициясынын маалымат кызматы билдиргендей,  жабырлануучулардын бири 21 жашта. 2023-жылдын 21-январында Оштогу шаардык оорукананын биринде дарыланып жатып, өзүнүн «Редми нот 11» үлгүсүндөгү кол телефонун жаткан палатасынан уурдап кеткендигин билдирген. Ушундай эле мазмундагы арыздар Ош шаарынын 8 тургунанан түшкөн. Алар иш ордунан же ооруканада дарыланып жаткан учурда, түнкүсүн өз кол телефондорун таппай калгандыгын билдирген. Бул арыздар Сулайман тоо милиция бөлүмүнө катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон.


    Издөө иштеринин натыйжасында бул уурулуктарга шектүү жарандар аныкталып, аларды кармоо боюнча ыкчам иш аракеттер көрүлө баштаган. Натйжада, 2023-жылдын 20-январь күнү шектүү жарандар кармалышты. Алар Ош шаарынын тургундары 1997-жылы туулган И.С. жана 1998-жылы туулган И.М. Шектүүлөр Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Кармалгандардын бири И.М. мурда 10 ирет ар түрдүү кылмыштары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган. 

  Сүрөттө: кармалган шектүүлөр И.С жана И.М.

     Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 

21-февраль, 2023-жыл

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн