Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош шаарында өткөн "Алыш" бел боо күрөшү боюнча республикалык чемпионат жыйынтыкталды

15.02.2022 09:45
916
Ош шаарында өткөн "Алыш" бел боо күрөшү боюнча республикалык чемпионат жыйынтыкталды

Ош шаарында өткөн "Алыш" бел боо күрөшү боюнча республика чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу “Алыш” күрөш федерациясы билдирди.


Ош шаарында 10-12-февраль аралыгында өткөн  “Алыш” бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын 2022-жылкы чемпионаты аяктады. Чемпионатка республикабыздын бардык аймактарынан жана Бишкек, Ош шаарынан 200 спортчу катышып, эркектер (эркин жана классикалык түрү) - 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, +100 кг.салмакта, кыз-келиндер (эркин жана классикалык түрү) - 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, +75 кг салмакта күч сынашты.


Мелдештин жыйынтыгында байге ээлери диплом, медалдар сыйланып, жеңүүчүлөр Кыргыз Республикасынын “Алыш” бел боо күрөшү боюнча “Спорт чебери” наамына ээ болушту. Ал эми командалык мелдеште жеңип чыккандарга кубок берилди.


Кыргыз Республикасынын “Алыш” бел боо күрөшү боюнча 2022-жылкы чемпионатынын жыйынтыгы боюнча курама команда түзүлүп, алар Азия, дүйнөлүк чемпионаттарында, Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарында жана башка эл аралык мелдештерде өлкөбүздүн намысын коргошот.


“Алыш” бел боо күрөшү боюнча 2022-жылкы өлкө чемпионатында федерациянын отчеттук конференциясы өтүп, анда 2022-2024-жылга чейин федерациянын президенти болуп бир добуштан Амиралиев Шабданбек Камалидинович шайланды.


Белгилей кетсек, чемпионат Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрлиги, Дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча Департаменти, республикалык Улуттук оюндар боюнча Дирекциясы жана “Алыш” федерациясы тарабынан өткөрүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн