Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 02:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Ош шаарында өткөн рейддин натыйжасында 10 күндө 2554 адам мыйзам бузган

04.04.2022 14:10
477
Ош шаарында өткөн рейддин натыйжасында 10 күндө 2554 адам мыйзам бузган

Ош шаарында өткөрүлгөн «Жөө адам өткөөлү» рейдинин натыйжасында 2 миң 554 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу  Ош ШИИБ  боюнча МККБнын басма сөз кызматы кабарлады.


Ош шаарында өткөрүлгөн «Жөө адам өткөөлү» рейдинин жүрүшүндө жол эрежелерин бузуу фактылары катталып, протоколдор түзүлдү.

Ушул жылдын 25-мартынан 4-апрелине чейин «Жөө адам өткөөлү» рейди болуп өттү. 

26-апрелден 4-апрелге чейин жалпысынан 2 миң 554 жол эрежелерин бузуу фактысы орун алган. Анын ичинен жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдөн өтпөй, башка жерлерден өткөн жарандарга 97 протокол түзүлгөн.  

Документи жок унаа айдагандарга 32 протокол, мас абалында унаа айдагандар 15 протокол, кошумча жабдык орнотуп алгандарга 3 протокол түзүлгөн. Ал эми айып короого 37 унаа токтотулган.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн