Бугу 06, 2024
Убакыт: 02:16
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ош шаарында "Алай" футбол клубу үчүн жаңы машыгуучу жай курулууда

29.01.2022 08:32
1083
Ош шаарында "Алай" футбол клубу үчүн жаңы машыгуучу жай курулууда

Ош шаарында "Алай" футболдук клубунун жаңы машыгуучу аянтчасынын курулушу жүрүп жатат . Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди


28-январда Ош шаарынын мэри - "Алай" футбол клубунун президенти Алмаз Мамбетов келечекте футбол академиясын ачууга негиз боло турган жаңы машыгуу аянтчасынын курулушу менен таанышты. 


Учурда жаңы дренаждык системаны төшөө иштери жүрүп, эскилиги жеткен тосмолордун ордуна металл конструкциялардан турган тосмолорду орнотуу иштери башталды. 


"Алай" футболдук клубунун директору Улан Алымкановдун айтымында, аянтты реконструкциялоо жумуштарын март айынын башына чейин бүтүрүү пландалууда. Аянтчаны оңдоп-түзөө иштери Ош шаарынын мэриясынын, Футбол федерациясынын колдоосу жана донорлордун жардамы менен жүргүзүлүүдө. Мэр курулуштун сапатына тыкыр көңүл бурууну жана белгиленген убакытта бүткөрүүнү тапшырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн