Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:29
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ош шаарында "Айтматовдун ааламы” аттуу салтанаттуу иш-чара өттү

01.11.2023 11:42
2282
Ош шаарында "Айтматовдун ааламы” аттуу салтанаттуу иш-чара өттү


Күн мурун С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында “Айтматовдун ааламы” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул туурашуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чара Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана маданият кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн. 

Майрамдык салтанаттын катышуучуларын Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов, шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Элдияр Кадыркулов куттукташты.

Иш-чаранын алкагында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жаралган спектаклдер көрсөтүлүп, Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын чыгармачыл тобу, "Акак-Ош" комузчулары, "Келечек" чыгармачылык балдар үйүнүн бий топтору, шаардык маданият башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.

Ошондой эле, маданияттын өнүгүүсүнө салым кошкон бир катар кызматкерлерге, "Маданияттын мыктысы" төш белгиси ыйгарылып, ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн