Бугу 21, 2024
Убакыт: 13:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ош шаарында салык чогултуу иштери күчөтүлдү

12.08.2020 14:20
952
Ош шаарында салык чогултуу иштери күчөтүлдү


Бүгүн, 12-август күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуевдин катышуусунда жергиликтүү бюджетти толтуруу боюнча жыйын болуп өттү. Ага салык кызматынын эмгек жамааты жана муницинпалдык аймактык башкармалыктарынын жетекчилери катышткан. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, жыйындын алкагында Ош шаарынын биринчи вице-мэри жергиликтүү бюджеттин планынын толтуруу максатында бир катар тапшырмаларды берип, МАБдын башчыларын салык кызматкерлери менен биргеликте аймактарды кыдырууну тапшырган.


“Жергиликтүү бюджеттин 7 айга коюлган планы 82 пайызга гана аткарылды. Жыл аягына чейин планды толтуруу үчүн жер-жерлерде түшүндүрүү иштери менен күчөтүлгөн тартипте салык чогултуу иштерин жүргүзүшүбүз керек. 617 миллион сом акча каражатын топтоо тапшырмасы берилген, бирок кырдаалда киргизилген чектөөлөргө байланыштуу планды 100% аткарууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Учурда муниципалдык аймакты башкармалыктын кызматкерлери, салык кызматынын адистери менен биргеликте жеринде иш алып барып, үймө-үй кыдыруу жолу менен салыкты топтоо тапшырмасы берилди”, - деген Турдуев.


1-сентябрга чейин Ош шаарында күчөтүлгөн тартипте жер, мүлк жана транспорт салыгын чогултуу иштери жүрөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн