Кыргызстандын аймагына коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасы боюнча Ош шаарынын аймагында залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү.
ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 28-июлда Министрликтин Ош шаардык
башкармалыгы тарабынан шаардагы Амир-Тимур, Курманжан-Датка, Манас-Ата,
Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыктарында жайгашкан шайлоо
участкалары, азык-түлүк сатуучу дүкөндөр, банктар, дарыканалар, тротуарлар жана
башка эл көп барган жерлер залалсыздандырылды.
Мындай иш-чаралар республиканын бардык аймактарында улантылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн