Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:56
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ош шаарында студенттердин телефонун коркутуп тоноп жүргөн жаран кармалды

10.03.2022 09:52
909
Ош шаарында студенттердин телефонун коркутуп тоноп жүргөн жаран кармалды

Ош шаарында студенттердин телефонун коркутуп тоноп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


2022-жылдын 8-март күнү, Ош шаарынын Исанов көчөсүнүн жашоочулары 1997-жылы туулган И.Р., 2001-жылы туулган У.Х. 2002-жылы К.А. арыз менен кайрылышып, арызында 2022-жылдын 8-март күнү саат болжол менен 21:00 чамасында Ош шаарынын А.Навои атындагы эс алуу паркында сейилдеп жүргөн учурда, жашы болжол менен 30-35 курактагы азиат улутундагы атуул аларды коркутуп, кол телефондорун күч менен тартып алгандыгын билдиришкен. Жабырлануучулар Оштогу жогорку окуу жайынын студенттери экендиги аныкталган.


Аталган арыз , Ош ШИИБнын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө катталып, шектүүнү издөө иштери башталган, бөлүмдүн ыкчам тобу Ош шаарынын А.Навои атындагы эс алуу паркына барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп окуяга тийиштүү материалдар чогултулган.

 

 Ош ШИИБнын Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жабырлануучулардын кол телефондорун ачык түрдө тартып алган атуул, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 1993-жылы туулган М.М. экендиги аныкталган. Шектүү 9-март күнү кармалды жана убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 


Азыркы учурда, бул факты боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.Шектүүнүн башка дагы ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар, же жоктугу иликтенүүдө.


Сүрөттө: кармалган шектүү М.М.

 

 

                                                                                 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн