Бугу 10, 2024
Убакыт: 20:58
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ош шаарында тарыхый жана маданий эстеликтердин жанына QR коддорду орнотуу долбоору ишке кирди

05.04.2022 10:06
869
Ош шаарында тарыхый жана маданий эстеликтердин жанына QR коддорду орнотуу долбоору ишке кирди


Ош шаарында тарыхый жана маданий эстеликтердин жанына QR коддорду орнотуу долбоору ишке кирди. Бул иш мэр Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен “Ош - Улуу Жибек Жолунун провайдери” программасынын алкагында ишке ашырылууда.  Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Долбоор жаштар арасында тарых жана маданиятты жайылтуу, Ош шаарында жана облуста туризм тармагын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган. 


QR кодду смартфон аркылуу сканерлегенде эстеликтер качан тургузулганын, ал адамдын өмүр таржымалын, тарыхка кандай салым кошконун, сүрөттөрүн дароо көрө аласыз. Мунун баары үч тилде – кыргыз, орус жана англис тилдеринде берилет.


Белгилей кетсек, учурда Ош шаарындагы жана Ош облусундагы 20 объектинин жанына QR коддор орнотулган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн