Бугу 14, 2024
Убакыт: 16:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ош шаарында үйдөн 550 миң сом уурдаган жаран бир айдан кийин кармалды

31.03.2023 16:20
523
Ош шаарында үйдөн 550 миң сом уурдаган жаран бир айдан кийин кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы үйлөрдүн биринен ири суммадагы акча каражатын уурдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

   Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун  тургунуну арыз менен кайрылып.  белгисиз атуул 2023-жылдын 28-февраль күнү түш убактысында анын үйүндө эч ким жоктугунан пайдаланып  уурулукка кирип 542 миӊ сом, 350 миӊ тенге  акча, бир нече алтын жана бриллианттан жасалган сөйкө-шакектерин  жана 2 кол телефонун уурдап кеткендигин билдирген. 


    Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында бул кылмышка шектүү адамдын өздүгү аныкталып, издөө иштери жүрүп жаткан.  Натыйжада, Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн кызматкердери тарабынан издөөдөгү, Өзгөн районунун 1998-жылы туулган тургуну  Т.уулу Б. 20-март күнү  кармалып,  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 22-март күнү Ош шаардык соту тарабынан тергөө иштери аяктаганга чейин камакта кармоо боюнча чечим чыгарылды.

  Шектүү өз көрсөтмөсүндө уурдалган акчаларды жана баалуу буюмдарды Бишкек шаарына алып барып  өз кызыкчылына жумшап, түрдүү эс алуучу жайларда иштетип жибергендигин билдирген. 

 

  Учурда шектүүнүн көрсөтмөлөрү текшерилүүдө жана  ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу иликтенүүдө.

   


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн