Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:00
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ош шаарында вагондо жашаган эне балага азык-түлүк жеткирилди (фото)

03.04.2020 11:02
968
Ош шаарында вагондо жашаган эне балага азык-түлүк жеткирилди (фото)


Ош шаардык бийлигинин тапшырмасы менен вагондо күн кечирип жаткан эне балага ун, азык-түлүктөр жеткирилди, деп маалымдады Ош мэриясынын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, мэр Таалайбек Сарыбашов вагондо жашап жаткандарга азык-түлүк, кийим-кечеден такай жардам көрсөтүлүүсүн өз көзөмөлүнө алган. Аларга кайрымдуу жарандар да азык-түлүктөн жардам көрсөтүп турушат. Шаар мэри азыркы абалда шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, муктаждарга, кароосуз калган жарандарга азык-түлүктөн жардам көрсөтүү тапшырмасын берген.


Кечээ, 2-апрелде вице-мэр Жасур Азимов демөөрчүлөр менен бирге 10дон ашуун муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк жеткирген. Ал эми Южный кичи районундагы муктаж үй-бүлөлөргө 84 кап ун таратылган.


Мындан тышкары жеке ишкерлер шаардагы муниципалык аймактык башкармалыктар менен биргеликте азык-түлүктөн көмөк көрсөтүү иштерин улантууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн