Бугу 09, 2024
Убакыт: 05:40
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Ош шаарында жаңы көрүстөн үчүн жер бөлүү каралууда

05.04.2023 14:26
629
Ош шаарында жаңы көрүстөн үчүн жер бөлүү каралууда

 


Бүгүн, 5-апрелде Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардык жарандарды тейлөө бюросунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Анын алкагында тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге “Учар” кичи районундагы көрүстөндүн учурдагы абалын көрдү. 


Бюронун жетекчисинин айтымында, жалпы аянты 50 гектарды түзгөн бул көрүстөнгө алгачкы жолу 1978-жылы сөөк коюлган. Учурда көрүстөндүн аймагы 95%га толуп, бир жылдын ичинде мында жай калбай калышы ыктымал. 


Бул маселени чечүү үчүн Бакытбек Жетигенов тиешелүү кызматтарга көрүстөн уюштурууга кошумча жерлерди табуу боюнча карап чыгууну тапшырды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн