Бугу 17, 2024
Убакыт: 04:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ош шаарында жаңы санитардык полигон курулат

27.09.2022 17:04
493
Ош шаарында жаңы санитардык полигон курулат

 


Ошто жаңы санитардык полигон пайда болот. Бул тууралуу бүгүн сессиянын жүрүшүндө Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев билдирди. Учурдагы полигондун жанына жаңы санитардык полигон курулат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Жаңы полигондун пландалган аянты 24 гектарды түзөт. 


“Биз 5 жылдан бери башка жактан, шаардын четинен жер издеп жүргөнбүз. Бирок таппай, азыркы жердин жанына куруу чечими кабыл алынды. Иш-чаралар ЕРӨБ долбоорунун алкагында жүргүзүлөт. Учурда даярдык иштери жүрүп жатат. Бирок, азыр иштеп жаткан полигонду рекультивациялоону европалык стандартка ылайык жүргүзүү зарыл, андан кийин ал жабылат. Андан ары алдын ала долбоор даярдалгандан кийин европалык стандартка ылайык жаңы санитардык полигонду куруу иштери башталат”, - деди Жунусбаев.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн