Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 19:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ош шаарында жаңы жыл кандай тосулат? Иш-чаранын графиги

30.12.2021 14:51
1547
Ош шаарында жаңы жыл кандай тосулат? Иш-чаранын графиги


Ош шаарында 31-декабрь күнү борбордук аянтта “Жаңы жыл – 2022” аталышында майрамдык иш-чара өтөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Экинчи борбор калаада жаңы жылдык концерттик программалар күндүзгү саат 12:00дөн түнкү саат 22:00гө чейин уланат. Иш-чаралар менен таанышып алыңыздар. 


12:00-13:00 – №1 С.Бекмуратов атындагы балдар музыкалык мектебинин концерттик программасы 

13:00-14:00 – №2 П.И.Чайковский атындагы искусство мектебинин концерттик программасы 

14:00-15:00 – “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун концерттик программасы 

15:00-16:00 – Ниязалы атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын концерттик программасы 

16:00-17:00 – Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын мугалимдеринин концерттик программасы 

17:00-18:00 – ОшМУнун концерттик программасы 

18:00-19:00 – ОшМПУнун концерттик программасы 

19:00-20:00 – Ош шаардык маданият башкармалыгынын концерттик программасы 


Саат 20:00дөн тарта мэр Алмаз Мамбетов баштаган жетекчилер элди жаңы жылы менен аянттан куттуктап, фейерверк менен коштолот. 

20:30дан саат 22:00гө чейин жаштар комитети тарабынан даярдалган концерт тартууланып, дискотека уюштурулат. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн