Бугу 08, 2024
Убакыт: 11:35
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Ош шаарында жардын кырына тосмо дубал курулат

24.04.2023 08:40
663
Ош шаарында жардын кырына тосмо дубал курулат

 


Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү канаттуулар базарынын аймагында тирөөч (тосмо) дубал куруу иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Шаар мэри Бакытбек Жетигенов курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Тирөөч дубалдын жалпы узундугу 90м, бийиктиги 6м, ал эми тендердик баасы 23,2 млн сомду түзгөн. 


Жакын арада даярдык иштери, анын ичинде аймакты тазалоо боюнча иш-чаралар башталат. Планга ылайык, курулуш иштери июнь айына чейин бүткөрүлүүсү керек. 


Долбоордун максаты - жолдорду реконструкциялоодо коопсуздук нормаларын сактоо болуп эсептелет. 


Маалым болгондой, Мамажан көчөсүнөн Ленин көчөсүнө чейин узундугу 1 чакырымды, туурасы 7 метрди түзгөн жолду капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалууда. Курулуш иштери май айынын ортосунда башталат. Мындан тышкары жолдун эки тарабына тротуарларды жана арыктарды куруу пландалууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн