Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 22:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Ош шаарында жаш офицерлерге "милициянын лейтенанты" ыйгарылды

13.06.2022 13:07
937
Ош шаарында жаш офицерлерге "милициянын лейтенанты" ыйгарылды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынынын катары жаш офицерлер менен толукталды. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


   Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Э.Алиев атындагы Академиясынын быйыл аяктаган 15 бүтүрүүчүлөрү ушул айдан тартып Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын карамагына келген. Аларга ИИМдин буйругуна ылайык «милициянын лейтенанты» алгачкы атайын наам ыйгарылган. Бүгүн жаш офицерлерге салтанаттуу түрдө, өздүк курамдын алдында « милициянын лейтененты» погондору тапшырылды. Жаш офицерлерге погондорду Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Канат Айдакеев тапшырды.


Ал жаш офицерлерге куттуктоо сөзүн айтып, кызматтык ийгиликтерди каалап өттү: «Барыӊыздарды алгачкы атайын наам алышыӊар менен куттуктаймын. Ар дайым тарыхта даӊазалуу орду бар, Кыргыз милициясынын уят кылбастан, тескерисинче сыймыктана турган адистери боло турганыӊарга ишенемин»,- деди милициянын полковниги Канат Айдакеев.

 

 Салтанаттуу бул иш чара Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басарлары милициянын полковниги Улан Жукенов , милициянын полковниги Таалайбек Нурбаев, башкармалыктын ардагерлер кеӊешинин төрагасы милициянын полковниги Касым Кадыров катышып, жаш офицерлерге каалоо-тилектерин айтышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн